5.1.10

Келечеги жок Улут...

Оппозициялык белгилүү журналист Геннадий Павлюктун киши колдуу олуму Батыштын жана Американын массалык маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылып, эл аралык гуманитардык жана аналитикалык уюмдарында , жада калса, «Манастагы» маанилуу авиабазасынын айынан Кыргызстандагы демократиялык абалга туз кийлигишуудон баш тарткан Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекетик Департаменти менен Мыйзам чыгаруу бийлиги - Конгрессте жана Сенатта дагы талкууланды. Алар бир ооздон кыргыз бийлигинен саясий репрессияларды токтотууну, куноолуулорду жазалоону талап кылып, оздорунун «терен тынчсызданууларын» билдиришти.

Дуйного маалым BBC , Голос Америки, Аль Джазира, Эркин Европа, «Дойче Велле» телерадиостанциялары, орус тилдүү «Время Новостей», «Независимая Газета» басылмалары журналисттерге болгон бийликтин мамилесин чагылдырган курч материалдарынан кийин кыргыз бийлигине «криминалдуу бийлик» деген жарлык очпос болуп жармашты.
Ошону менен бирге, бул талкууларда «Кыргызстан - «калыптанбаган мамлекет» жана «келечексиз улут» деген, бизге, кыргыздарга жагымсыз, бирок, менин оюмча, обьективдүү ойлор айтылды.

Мындай ойлор бугун гана айтылып аткан жок. Кийинки жылдары, андай пикир кээ бир авторитеттуу эл аралык уюмдар, дуйнолук эксперттер жана аналитиктер тарабынан дагы айтылып келет. 2009 – жылдын аягында, АКШ нын Конгресинде уюшулган, Борбордук Азия боюнча Талкууда дагы бул жонундо соз болду. «Мамлекетибиз менен улутубуздун келечеги барбы?» деген суроо, менимче, коомубуздун бардык эле катмарларында дагы кызуу талкууланууда.

Бул маселени бир гана биздин официалдуу бийлигибиз талкуулабайт жана уккусу да келбейт. Себеби алардын ою боюнча Кыргызстанда баары жакшы: реформалар журуп атат, экономика осуудо, келечегибиз ишенимдуу бийликтин колунда.

Бирок, мамлекетибиздеги фактыларга жана реалдуу процесстерге көнул бурсак, анда, кыргыздар тынчсыздана турган гана эмес, ыйлай турган абалга келдик.
Советтер Союзунан калган, бардык конструкциялары чириген уйубуз жана менталитетибиз ыдырап, кулай баштады. Антпеген кундо дагы, алар азыркы 21 кылымдын талаптарына, биздин - кыргыздардын кызыкчылыгына жооп бере албай калды.

Жолдор, электр жана жылуулук станциялары, канализациялар, ири мамлекеттик имараттар, кыскасы советтерден калган инфраструктура талкаланды же болбосо жакын арада талкаланып бутөт. Азыркы электрэнергия тармагы, 90% балчыкка айланган жолдорубуз, башка имараттарды кой, кийинки 20 жылда бир дагы жолу капиталдык ремонттон откорулбогон Окмот Уйунун абалы буга далил боло алат.

Ал эми финансылык абалыбыз андан да оор. Орточо айлык акынын денгээли, оорулууну жаткырганга шейшеби жок ооруканалар менен окутууга китеби жок мектептердин, 3 млрд долларга жакындап калган тышкы карызыбыздын абалы эле коп нерсени айтып турат. Кыргызстан Батыштын финансылык жардамысыз оокат кыла албасын откон жылдын аягында Президент К. Бакиев жана Финансы министри М. Султанов моюндарына алышты. Азыркы кундо, окмоттун 2010 - жылдын бюджетинин 350 млн долларлык тартыштыгын кантип жабуунун устундо баштарын катырып олтурган убагы. Ошентип биз, кыргыздар, 21 кылымда, башка мамлекеттердин зсебинен жашаган, озубузду озубуз бага албаган улутка айландык.

Биздин кендирибизди кескен бир эле материалдык жана финансылык кыйынчылыктар дейин десем, моралдык, интеллектуалдык жана руханий дагы кризиске такалдык. Моралдык жактан таза, биздин келечегибиз делген жаштарыбыз улуу муундан «кем» калбайт. Корпенделикти, зоокурлукту жана кошоматчылыкты улуулардан жакшы оздоштургон. Улутубуздун туусу болчу аксакалдарыбыз жонундо кеп кылбай эле коелу...

Руханий жакырчылыктын тубуно тушуп, намысыбыздан тайып, маданиятыбыз менен тилибизден айрылып, бугунку кыргыздар «кыргызмын» деп айткандан уялчу болдук. Азыр Кыргызстанды сыртта томонку создор менен суроттошот: жакыр, келечеги жок, авторитардык жана криминалдык мамлекет. Мына ушул создор, азыркы кундогу тышкы дуйнонун бизге карата мамилеси жана берген баасы.

Интеллигенциябыз менен улуттук каймактарыбыздын денгээли уй- булолорунун материалдык кызыкчылыгынан, кошоматчылыктан жана «сен мага тийбе, мен сага тийбейм» денгээлинен которуло албады. Себеби алардын бир аз чогулткан байлыктары, кул болуп журуп тапкан кызматтары жана азыркы убактылуу тынчтыгы - бардык нерседен кымбат. Кыргызстан учко болунуп, бир болугу Озбекстанга, бир болугу Казакстанга, ал эми бир болугу Кытайга кеткенде алар байлыгынан да, кызматынан да, тынчтыгынан да кол жууруна али маани бербей атышса керек.

2009 - жылы Америка Кошмо Штаттарынын чалгындоо боюнча Улуттук Кенешинин аналитиктери кийинки 10-15 жылда боло турган эн маанилуу озгоруулорду изилдеп, «Глобалдык Тенденциялар – 2025» деген докладды Президент Обамага сунуштаган. Ал докладда Борбордук Азия жакынкы жылдары конфликт чыкчу регион катары каралып, ал эми конфликтке алып келчу себептердин бири катары суу жана энергетика маселелери айтылат. Ошону менен бирге, уруулардын, диний уюмдардын жана криминалдык топтордун регионалдык конфликттердеги ордун баса белгилеп кетишкен. Кыргыздын элита соройлору, бир аз олтуруп ойлонуп, тегерегинерди карап коргулочу, жогорку докладда айтылгандардын баары биздин жаныбызда эле журбойбу.

Мындан 10 жыл мурда, Россиялык белгилуу саясат таануучу Андраник Мигранян Кыргызстандын туштугун Озбекстанга, ал эми тундугун Казакстанга беруу керек дегенде, баарыбыз, «эмне деп дооруйт» деп кулдук эле. Эми, анын айткандарынын жакындап келатканын катаал чындык далилдеп олтурат. Ал бир гана нерседен жанылыптыр, Кыргызстан экиге эмес, учко болунушу мумкун. Жери тартыш Кытай, озунун шыбагасын Казакстан менен Озбекстанга тарттыра койбойт.

Эгемендик алган 20 жылдын ичинде, бардык маселелердин чечилишинин башаты, онугуунун негизи болгон, мамлекетти эффективдуу башкаруунун жолдорун таба албадык. Бийликти кармап калуу гана кызыкчылыгын коздогон Президенттик-Хандык институтту кошпогондо, сот, парламент, окмот, армия, билим, саламаттык сактоо жана башка маанилуу мамлекеттик институттарыбыз, чындыгында, аты гана болбосо, «эшектин тушоосун» дагы чече албайт. Жада калса улуттук – традициялык Аксакал институбуз алдына «дежур» деген созду кошуп «дежур аксакалдар» институтуна айланды.

Кыскасы, 2010 жылга Кыргызстан «кайда барбасан мамайдын кору» деген абалда кирдик.

Биз, кыргыздар, дуйнодогу бир топ башка улуттардай эле, дайыма бизди сактап калчу Баатырды же болбосо Мамлекетти (кобунчо биздин ан сезимибизде, ал же Россия, же Америка) кутуп келебиз. Бул алдоо гана сезими. Бизге бир дагы адам, бир дагы мамлекет жаркын келечек куруп бере албайт. Биздин келечегибиз, биздин, озубуздун колубузда. Бугун болбосо дагы, эртен жакшы жашайлы десек, мунун баарын моюнга алып, кандайдыр бир тез чара кабыл алып, онугуубуздун жолун аныктоочу убакытка келдик. Себеби, биз тандаган жол, биздин, мамлекетибиздин жана урпактарыбыздын тагдырын чечет.

Менин коз карашымча, ал жол – бир гана демократиялык жол. Себеби, соз эркиндиги, адам укугу жана атаандаштык созсуз турдо, эртеби, кечпи, биздин негизги душмандарыбыз - чырмалышкан коррупцияны, уй булолук башкарууну жана жакырчылыкты женет. Коомубуздагы кичинекей бир топтун гана эмес жалпы коомду бакыбытчылыка алып келет. Демократия гана биздин баарыбыздын кызыкчылыгыбызга жооп берген мамлекетти курууга негиз боло алат.

Кыргыздардын келечеги мына ушул уч нерсеге байланыштуу болот.

Мен балдарымдын Кытайда же Казакстанда башка улуттун окулу катарында эмес, эркин коомдуу, демократиялык башкаруу системасы бар Кыргызстан деген мамлекетте жашашын каалайм.
А сизчи?

Равшан Жеенбеков
Ата Мекен партиясы.