3.3.10

Авторитардык бийлик - улуттун трагедиясы

Авторитардык бийлик – улуттун трагедиясы.
Сереп салсак, бардык авторитардык режимдер өз элинин башына оор трагедияларды үйгөн. Саясий максаттагы өлтүрүүлөр, оппонеттердин дайынсыз жоголушу, түрмөлөрдөгу кыйноолор андай режимдердин тандап алган куралы. Авторитардык режимдер ушундай куралдын жардамы менен элди коркутуп, бийликти кармап турушат. Мисалы, 1976 – 1983 жылдары Аргентинанын диктатуралык бийлиги укук коргоо органдарын саясий максатта пайдаланып, 30 000 ге жакын адамды дайынсыз жоготкон, анын 12 000 ин олтурушкон, 24 000 адамга фальсификацияланган кылмыш иштерин ачышып, аларды кыйноого алышкан. Ал эми Чилиде диктатуралык бийлик 29 мин адамды турмого отургузуп, кыйноого алышкан, режимге каршы чыккын 4000 ге жакын адамды олтурушкон.
Андай режимдер бийликтен кулатылаар замат алардын камчысын чапкан жашыруун полициясынын, же кыргызча айтканда бийликтин баш кесерлеринин куноосу бат эле далилденип, копчулугу мыйзамдын алдында жоопко тартылса, кээ бирлери белгисиз адамдар тарабынан олтурулгон учурлар дагы коп кездешет.
Ошону менен эле бирге, эгерде мамлекети бай болбосо, бир дагы диктатуралык режим 5 жылдан узак бийликте тура алган эмес.
Бул авторитардык бийликтин эл башына үйгөн трагедиясы... Андан башка улуттун билимдуу, талантуу жана ишке жондомдуу граждандары, оз жеринен келечегин коро албагандыктан, мамлекеттен чыгып кетишке аргасыз болот. Башында онугуп аткансып корунгон экономиканын абалы системалуу кризиске такалат. Элдин байлыгы кичинекей топтун гана менчигине отуп, тышкы карыз осот. Авторитардык бийлик коррупциянын башына өзү туруп алып коррупцияга курош жарыялайт. Криминалдын күнү тууп, бийлик менен табакташ болот. Эл жакырчылыка кептелет. Улут, уй – було баалуулуктары жоголот. Калктын саламаттыгы кескин турдо начарлайт, озгочо журок, инфекциялык жана нерв ооруулары кобойот.
Мына ушул жогоруда айтылгандын баары авторитардык бийликтин ЫНТЫМАК, СТАБИЛДУУЛУК, РЕФОРМА, БАКЫБАТЧЫЛЫК деген жалган жана жасалма ураандары астында жасалат.

Авторитардык режим деген эмне?
Албетте, Бакиев жана анын тууган - уругу Кыргызстанда авторитардык режимди орнотту десек, аны ар ким, ар кайсы саясий куч ар башкача баалайт. Курманбек Бакиевдин урук - туугандары жана тегерегиндеги кулдары «биз демократиялык мамлекет куруп атабыз» деп чарчабастан жарыя айтып келет.
Оппозициянын окулдору Кыргызстанда иш жузундо авторитардык режимден дагы ашып тушкон «бандиттик режим» курулганын баса белгилеп атабыз.
Жүйөбүздү негиздөө үчүн учунчу тараптын жана окумуштуулардын пикирине таянышка туура келет. Мисалы, дуйнодогу демократиянын денгээлин изилдеп баа берген Америкалык «Фриидом Хаус» уюму 2008- 2009 – жылдары Кыргызстанды эркин эмес, авторитардык мамлекеттердин катарына кошту.
Ал эми авторитаризм жана демократия маселелерин терен изилдеген белгилуу окумуштуу С. Хантингтон авторитаризмдин томонку озгочолукторун санайт: бир лидердин же лидерлердин кичинекей тобу, алсыз партиялар же алардын жоктугу, элдин чогулушуна тыюу салуу, идеялогиянын жоктугу, алсыз окмот, жашыруун кызматтардын устомдугу жана массалык маалымат каражатттарынын бийлик тараптан козомолго алынышы.
Тан калыштуусу, Хантингтон мырза биздин УЛУУ УРМАТТУУ КУРМАНБЕК ХАНдын бийлигине Кыргызстанда жашап аткан адамдай эле баа бериптир.
Авторитардык режим элди бакыбатчылыкка, мамлекетти стабилдуулукко алып келе алабы?
«Жок» деп так кесе айта алам. Бир дагы авторитардык бийлик улуттун жана мамлекеттин стратегиялык маселелерин чече албайт. Себеби алардын жеке кызыкчылыгы менен мамлекеттин кызыкчылыгы бири бирине таптакыр туура келбейт. Алардын башкы максаты - кандай гана болбосун бийликти колдон чыгарбоо. Ошондуктан, мамлекеттин жана улуттун келечеги алар учун эн акыркы маселе. Бийликти кармап туруу максатында пенсионерлерди жоошутуу, пенсиянынын олчомун которуу зарылдыгы туулду дейли, андай учурда алар Кытайдан 200 миллион доллар карыз алып, анын эсебинен пенсияны которот (мындан ары Россия менен Америка бербейт, эми Кытай гана калды), эгерде тарифти кайра томондотуш керек болсо аны уялбай жасайт. Бирок мунун баары элди ойлогондон эмес, эл которулуп, тымтыракайыбызды чыгарабы деп корккондон жасалат. Авторитардык бийлик ушундай жол менен бир караганда элге кызмат кылгандай корунот, чынында, бир гана озуно жана бала чакасына кызмат кылат.
Өзунор таразалап көргүлөчү, элин бакыбат турмушка бөлөйм деген авторитардык президент электр тармагынын негизи болгон «Тундукэлектрону» 3 миллион долларга, «Кыргызтелекомду» 40 миллион долларга сатабы? 2003 – жылы «Кыргызтелекомду» чет элдик «Шведтел» компаниясына 80 миллион долларга сатпай койгонбуз. Ал эми адистердин жана баалоочу компаниялардын айтуусу боюнча, Тундукэлектронун ошол убактагы эле баасы 100 млн доллардын тегерегинде болчу.
Элин бакыбат турмушка бөлөйм деген президент олконун ири компанияларын, стратегиялык ишканаларын кыргыздын жигиттерине башкартпастан, капкайдагы Гуревичтерге башкартабы? Эгер биз мамлекеттин ири компанияларын кыргыздын жигиттерине башкартпасак, анда кыргыздын кучтуу менеджерлерин, мамлекетти башкарчу лидерлерин кантип даярдайбыз, эл аралык денгээлге кантип которулобуз? Ансыз да аран турган байкуш кыргыз кантип башыбызды которобуз...
Элин бакыбат турмушка бөлөйм деген президент электр, газ, байланыш, коммуналдык тармактардагы уурулукту токтотуп, эффективдуу башкарууну орнотуунун ордуна, бул кызматтардын акысын 2-3 эсеге кымбаттатып, оз элин сызга отургузабы?
Мамлекеттеги ынтымакты самаган президент кыргыздын мыкты, билимдуу, тажрыйбалуу жигиттерин турмого тыгып, мамлекеттен кууп чыгабы?
Мамлекеттеги бейкуттукту эңсеген президенттин тушунда жыл сайын 2000 ге чукул кыргыздын уул-кызы дайынсыз жоголобу? Жылына 100 го жакын эне тороттон ал эми журок оорууларынан кунуно 50 кыргыз олобу?
Бирок, авторитардык бийлик озу, бала- чакасы, урук - тууганы учун бакыбатчылык орното алат. Байлык аларга мээнет, жондом, жаны идеялар, технологиялар жана билим аркылуу эмес, телефондун бир шынгырагы, соттордын мыйзамсыз чечимдери, мамлекеттин байлыгын оздоруно ыйгарып алуу, ишкерлерден, саясатчылардан тартып алган дунуйо мулк аркылуу топтолот.
Авторитардык режим менен кантип курошсок болот?
Биринчиден, баарыбыз, кимибиз ачык, кимибиз жашыруун, колубуздан келишинче каршылык корсотушубуз зарыл. Булардын ар бир жасаган иштерине, идеяларына каршы турушубуз керек. Мен жогоруда айткандай, булар, сырттан караганда мамлекетке иштеп аткандай корунгону менен, оздоруно гана иштешет. Ошондуктан, озгочо, мекеним деген мамлекеттик кызматчылар, укук коргоо органдарынын окулдору, алар берген корсотмолорду колдон келсе аткарбай, болбосо чала аткарып, алардын жашыруун маалыматтарын билгизбестен коомго ыргытышы керек.
Экинчиден, диктатуралык мамлекеттердеги негизги кыйынчылыктардын бири - элге маалымат жеткируу. Бирок, Иран менен Молдованын тажрыйбасы коргозгондой жаштар бул маселени интернет аркылуу чечишти. Алардан кийин Facebook, Twitter, электрондук почта жана Youtube авторитардык режимдердин негизги душмандарына айланды. Биздин жаштар дагы ушул инструменттерди активдуу пайдаланышы керек. Озгочо мобилдик телефондордун видеокамерасына коп нерселерди тартып алып Youtube ка илсек, бийликти ашкерелоого салым кошобуз жана алардын жасаган кылмыштарынын далилин ушул жол менен келечектеги сот процесстерине чогулта журсок болот. Эн башкысы бул технологияларды бийлик контролдой албайт.
Курошубуздын жыйынтыгы, качан гана коп сандагы эл бир куну, бир убакта, чогуу Бакиевтерге каршы чыкканда чыгат. Ал кун жакындап келатат.
Ошону менен бирге, дуйнолук практика корсоткондой элдин авторитардык режимдерге каршы зомбулук акцияларын колдонуусу да туура эмес . Элдик, аскердик жана бийлик тонкоруштору болгон мамлекетердин мисалын алсак, жаны бийлик мурдагы бийликтен да катаал мунозго ээ болуп, авторитардык режимдер орногон. Алыс барбай эле Акаевден кийин келген Бакиевди мисалын карап коргуло. Авторитардык режимдер менен курошуу жолдорун изилдеген адис, Гарвард университетинин профессору Джин Шарп авторитаризмге каршы тынчтык муноздогу акциялар, зомбулуксуз ыкмалар менен гана курошуунун зарылдыгын айтат. Бул жол - татаал жана узак, бирок туура жол экенин ал озунун изилдоолорундо далилдеген. Ал озунун «Диктатурадан Демократияга» деген китебинде зомбулуксуз курошуунун 200го жакын ыкмасын кенен тушундуруп берген.
Эл оппозицияга деле ишенбей калды...
Биринчиден, адам умут менен жашайт. Умут очкон жерде жашоо токтойт, ошондуктан умутубузду очурбошубуз керек.
Экинчиден, кандай гана кыйынчылыктар болбосун бийликке сатылбай, бекем позицияны тутунган О. Текебаев, А. Бекназаров, Т. Тургуналиев, Р. Отунбаева, К. Байболов, Т. Сариев, Э. Каптагаев, Б. Шерниязов, Д. Чотоновко окшогон саясатчыларды колдошубуз керек. Алар азыр элибиздин, ал эми элибиз алардын колдоосуна аябагандай муктаж болуп турат.
Учунчудон, элдин конулу саясатчылардан калышы мумкун, бирок кантип эле адилеттуулук, эркиндик, чынчылдык, калыстык идеяларынан калсын. Бул идеялар адамды айбандан айырмалап, алдыга сурогон негизги баалуулуктар эмеспи. Болгону ушул идеяларды которгон кээ бир саясатчылар аягына чыга албай ташыркап, мудоолорунон баш тартып атышат.
Чынында эле авторитардык режим кучтуубу?
Аны баалоо - биздин намысыбызга жана коркуу сезимибизге байланыштуу. Биз канчалык корксок алар ошончолук кучтуу, кайратыбызга келип, каршы турсак, анда ал режим кулайт. Авторитардык режим озунун жашоосу учун «энергияны», жигерди сырттан, биринчи кезекте коркок мамлекеттик кызматчылардан, укук коргоо органдарынын окулдорунон, бизнесмендерден жана жонокой адамдардан алат. Бул булактар «энергия» беруудон, колдоо корсотуудон баш тарткан куну режимдин жашоосу токтойт.
Бай мамлекеттердин авторитардык режимдери бир топ кучтуу болот, ал эми бизге окшогон жакыр мамлекеттердин режимдери сыртынан кучтуу сезилген менен, коп убакта, арстандын кебин кийген мышыктан айырмасы жок. Бул менин гана оюм эмес, коп окумуштуулардын изилдоолорунун жыйынтыгы.
Эмне учун биз авторитардык режимге жапырт каршы турушубуз керек?
Мен жогоруда дуйнодогу авторитардык режимдердин оз элине алып келген мүшкүлү жонундо айттым. Ошол трагедияны биз, Кыргызстандыктар дагы азыр башыбыздан кечирип жатабыз. Ошондуктан, авторитардык бийлик бизде дагы узака орнобосун, озубуз, балдарыбыз адилеттуу, бейпил, бакыбат мамлекетте жашасын десек, анда авторитардык режимге каршы көтөрүлүүгө туура келет.
Болжол менен бир ай мурда интернеттеги «Фейсбук» социалдык туйунундо Исмаил Исаковду колдоо барагы ачылды. Ким Исаковду колдосо озунун оюн, позициясын же жылуу создорун ал жерге жазып, калтырат алат. Бул баракчаны Исаковду сыйлаган, анын таза, адилеттуу жана патриот генерал экенине ишенген жаштар ачышты. Ошол баракчанын биринчи бетинде америкалык философ жана окумуштуу Франклин Литтелдин мындай создору жазылган:
«Алар биринчи коммунисттерге барышты, мен унчуккан жокмун, себеби мен «коммунист» эмес элем. Анан алар социалисттерге барышты, мен унчуккан жокмун, себеби мен «социалист» эмес элем. Алар профсоюздун мучолоруно барышты, мен унчуккан жокмун, себеби мен профсоюздун мучосу эмес элем. Анан алар еврейлерге барышты, мен унчуккан жокмун, себеби мен еврей да эмес элем. Анан мага келишти, бирок, ал убакта мага болушаарга киши калбаптыр...»
Биздин келечегибиз озубуздун колубузда...

Равшан Жеенбеков
Ата Мекен партиясы