К. Бакиевдин бийлиги дагы бир ачылыш жасады, озу дайыма айтып жургондой "биринчи жолу".
Бардык, жада калса Кыргызстанга окшогон, авторитардык мамлекеттерде, эгерде мамлекет башчысы оз милдетин ден соолугуна байланыштуу аткара албай калса, анда анын милдетин Премьер Министр же Парламенттин Спикери аткарат. Бул кенири таралган практика.
Бакиев жана Ко "биринчи жолу" мамлекеттин башчысын эл эмес, Бакиевдин компаниясы - Мамлекеттик Кенеш шайлай турган норманы Конституцияга киргизишти.
Мамлекеттик кенешке кимдер кирет?
Албетте жогорку денгээлдеги мамлекеттик кызматчылар, башкача айтканда Бакиевке жана анын уй булосуно жагынып, кошомат кылып кызмат алгандар. Алар, эртен К.Бакиев менен бир нерсе боло турган болсо, Бакиевдин уй булосу, кайсы бир адамды эмес, кочодон бир эшекти жетелеп келсе дагы, андан татыктуу эч ким жок деп жар салып, Президенттике бекитип берери талашсыз.
Ошентип кыргыздар, жакын арада, Эшекти дагы Президент кылып алышыбыз мумкун.
Авторитардык бийлик закон, эреже, Конституция дегендерди урганы дагы жок. Алардын ою боюнча, мамлекеттеги бардык ресурстар аларга кызмат кылыш керек, жада калса эл дагы. Эл алардын тушунугундо, Советтер Союзунун убагындагы, Чаткалдагы бир короо койго эле барабар. Кундо жайытка чыгарып, бир жолу жем берип, курсагын тойгузуп, кечинде карангы сарайга камап койсо болду. Койлорго укукту ким коюптур...
Бир соз менен айтканда алар мамлекетти "кыргызча" башкаргылары келет, закондорду оздорунун пайдасына каалагандай озгортуп, кааласа аткарып, каалабаса аткарбай. Бирок алар бир нерсени унутушат... Биздин элибизде дагы бийлике жана закондорго "кыргызча" мамиле бар экенин. Себеби бийлик сыйлабай, тебелеп тепселеген Конституцияны эл сыйламак беле. Конституцияга бир эмес мин озгортуу киргизсе дагы, кыргыздар "кыргызча" конституцияны гана эмес ага озгортуу киргизгендерди дагы тебелеп тепсей турган убакыт жакындап келатат.
Ошондуктан достор азыркы Конституцияга киргизилген озгоруулорго коп деле конул бурбай эле койгула, кыргыздарда бардыгы "кыргызча" болот.
10.2.10
Подписаться на:
Сообщения (Atom)