17.9.08

Келечек

Келечек бугун башталат.
Балалык кыял менен кызым, Айсулу бир куну психолог, экинчи куну кулинар, учунчу куну дизайнер болгусу келет. Уулум, Азат болсо, бирде Уолл Стриттеги финансист, кээде аскер адамы же болбосо ишкер. Ал эми турмуштук тажрыйбасы бай, юрист жана журналист, кыргыздын катаал реалдуулугун беш колундай билген, алтымышка чамалап калган чон атасы, неберелеринин, же юрист, же экономист болушун каалайт.

А мен кандай кенеш берем...
Бул, менин уй буломдогу талаш «толкундар», Кыргызстандагы же болбосо дуйно жузундогу, балдарынын келечегине аяр мамиле жасаган, ар бир уй булодо ото турган нерсе. Себеби, бул маселени туура чечуу, бир эле биздин балдарыбыздын же уй булобуздун эмес, мамлекетибиздин жана улутубуздун дагы келечегине тасирин тийгизет.
Албетте, биздин балдарыбыздын келечеги, биз учун, бардык нерседен маанилуу. Алардын, ен жакшы деген окуу жайларда окушун кудайдан тилеп, болгон аракетибизди жасап, мумкунчулугубузду жумшайбыз. Кыргызстанда, АУСА менен Славянскийде, мумкунчулугубуз болсо Россияда, МГУ менен МГИМО до, ал эми андан дагы ары кетсек, Гарвард, МIТ жана Оксфорддо окуса дейбиз. Жакшы тилек жарым ырыс. Бирок...

Балдарыма, алар аркылуу бут кыргыз жаштарына кенеш берерден мурда, мен, бир топ адистер менен суйлошуп, алардын жазгандарын окуп, оз алдымча изилдоолорду жургузуп, мындай жыйынтыкка келдим.
Кесипти туура тандоо ото кыйын. Ошондуктан, жаш адам, кесипти, башкача айтканда, ошол кесипке жеткирчу билимди тандоодо туура чечим кабыл алышы ото манилуу. Анткени алган билимин, сени жакшы кесиптин ээси кылып, комдогу статусунду аныктап, жан дуйнонду канаатандырып, сени материалдык эркиндике алып келиши керек. Мекениндин жана Ааламдын ресурстарын башкалар менен талашып, атаандаша алыш учун, силер, биринчи кезекте, жакшы адис жана англис тилинде эркин суйлогон кучтуу инсан болушунар керек.

«Ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз бар». Ар бир адам биринчи кезекте, башкаларга эмес, озу учун чон табышмак. Табышмакты жазып, байкалбаган жондомун, кучтуу сапаттарын таап, суйгон кызыкчылыктарын адистике айланткан адамдар улуу ийгиликтерге жетишет. Ички жана сырткы дуйно топ келишип, гармония пайда болот. Бул Кундуз эмей эмне!

Бирок озунду табуу ото кыйын... Кээ бирлер, турмуштагы ордун, оз жолун бат табат. Кээ бирлерге бир топ убакыт талап кылынат. Кээ бирлер бирде таап, бирде жоготот. Кээ бирлер, омур бою жашап журуп, бир убакта, башка бироонун омурун жашап отконун сезишет. Ал эми копчулук адамдар такыр эле, турмушта, оз ордуларын таба алышпайт.
Озунду издоонун бир топ жолдору бар. Ал жолдор негизинен сенин кучтуу сапаттарынды, жондомдорунду жана сен, эмнени суйорунду табууга жардам берет. Алар, менимче томонкулор:

-Мунозундогу кучтуу сапаттарынды табуу .
Ар бир адамдын озу билген жана билбеген кучтуу сапатары болот ( баштаган ишти аягына чыгаруу, коммуникабелдуулук, пунктуалдуулук, созго бекемдик ж.б.). Алардын ар бирин онуктуруп бизнесте пайдаланса болот.

-Хоббинди адистике айлантуу.
Ыр же болбосо ангеме жазуу, сурот тартуу, саясатка кызыгуу, автомашиналарды талдоо, гитарада ойноо же бийлоо, спорттогу жана кайсы бир кружоктогу жетишкендиктер ж.б. ушул сыяктуу нерселер. Бул саналгандардын ар бири кандайдыр бир адистике тиешеси бар жана дагы бир маанилуу тарабы, батыштагы окуу жайларга отууго аябагандай чон жардам берет. Себеби, булар адамдын жетишкендиктеринин жана лидерлик сапаттарынын корсоткучу болуп эсептелет.

-Балалык кездеги кызыкчылыктарды ойготуу.
Кичине баланын бир нерсеге жондому же суйуусу, акыл киргенге чейин ачык корунот. Аны ата энеден, бир туугандардан же сени, кичине кезинде жакшы билген адамдардан сураса болот. Мисалы, менин 5 жаштагы кызым, Каныкей сурот тартканды жана компьютерде ойногонду жакшы корот. Албетте, биз анын ушул кызыккан нерселерин онуктургонго аракет жасашыбыз керек.

-Тегинди изилдоо.
Ата-энендин, алардын ата-энелеринин кучтуу сапаттары, жондомдору жана жасаган иштери сенден дагы кайталанышы мумкун. Элибиздин «Аккан арыктан суу агат», «Алма дарагынын алыс тушпойт» жана «Эр тагасын тартат» деген кылымдарды карыткан акылман макал лакаптары, жаштарга, адистикти жана келечегин тандоодо созсуз жардам берет.

Биздин мамлекетибиздин мумкунчулугу ото чектелуу. Ошондуктан жаштар, билим алып, адистик тандоодо биздин ички эмес, дуйнолук ресурстарды пайдаланууга жол ача турган адистиктерди алууга аракет жасашы керек. Окумуштуулардын жана аналитиктердин айткандары боюнча, келечекте эки тармак аябагандай онугот, ошондуктан алар коп адистерди талап кылат. Аалар медицина жана компьютер. Кыргыз жаштары ушул эки тармакка кобуроок конул бурушу керек.

Аалам билимдуулорду, таланттууларды жана жондомдуулорду талап кылат. Алар учун атайын кадрларды тандоочу кучтуу компаниялар (head hunting), адам ресурстары боюнча департаменттер жана адистер системалуу турдо иштешет. Акылдууларды ар кимиси оздоруно тартканга аракет кылышат. Себеби, онуккон мамлекеттер жана эл аралык компаниялар, компанияны жана мамекетти кучтуу кылган акылдуу гана АДАМ экенин, башкача айтканда АДИС экенин, беш колундай билишет. Азыр дуйнодогу бардык жетишкендиктер адистер аркылуу гана жасалат.

Эгер биздин жаштар жакшы билим алып, англис тилин билген кучтуу адистерден болушса, анда алар оздору гана озгорбостон, биздин улутубузду жана мамлекетибизди дагы жакшы жака озгорто алышат.

Эгерде, бул тема боюнча суроонор болсо мага djeyenbekov.r@mail.ru дарегине жазсанар болот.

Комментариев нет: