11.8.08


Стив Джобс дуйнодогу ен мыкты компаниянын-Apple дин тузуучусу жана президенти болуп эсептелет. Ааламдагы эн таланттуу менеджерлердин бири. Анын жасаган иши, коз карашы дуйнолук бизнесте, экономикада жана адамдын ан сезими менен кунумдук турмушунда бир топ маанилуу озгоруулорду жаратты . Адам тан каларлык продукцияларды (компьютер, Iphone, Ipod) дуйнолук керектоочулорго сунуш кылып атат.

Ал адамдын тажрыйбасы, айткандары кыргыз жаштары учун дагы аябай маанилуу. Андан коп нерсени уйронсок болот. Себеби, менин коз карашымча, жаштар, билим жана бизнес биздин мамлекетибиздин сактоочу, онуктуруучу жана улантуучу кучу болуп эсептелет. Ал эми томонку создор жаштар, билим жана бизнес жонундо. Ошондуктан анын созун которуп, силерге-жаштарга пайдалуу болобу деген ойдо,сунуш кылууну чечтим.

Равшан Жеенбеков, Ата Мекен партиясы. 8-август, 2008-жыл. АКШ.

Стив Джобсдун (Steve Jobs, Apple жана Pixar Animation Studios компанияларынын президенти) Стенфорд Университетинин бутуруучулорунун алдында суйлогон созу.

Бугун силер - дуйнодогу эн мыкты университеттердин биринин бутуруучулору менен болуу мен учун сыймык. Мен эч убакта колледжди буткон эмесмин. Омурумдо биринчи жолу бутуруу кечесине катышып атам, бул чындык. Бугун озумдун турмушумдан алынган уч окуяны силерге айткым келет. Бол гону ушул. Чон иш эмес. Уч кана окуя.

Биринчи окуя чекиттерди(кичине нерселерди) байланыштыруу жонундо.

Мен Reed Колледжин биринчи 6 айдан кийин таштадым, бирок кийинки биротоло таштаганга чейинки 18 ай ошол тегеректе (колледждин) журдум. Билесинерби, эмне учун мен колледжди таштадым?

Ал мен торолгонго чейин эле башталган. Колледжди бутуруп аткан студент, жаш никесиз тууган апам мени башка бироолорго багып алууга берууго чечим кабыл алат. Ошону менен бирге, ал багып алып аткан адамдардын билимдуу болушун талап кылат. Мен торолгондон кийин эле багып алчу адам юрист жана анын аялы болмок, бирок алар кыз баланы гана кутуп аткандыктан менден баш тартышат. Ошентип, кутуу барагында турган ата-энем кезексиз мага ээ болушат. Торогон апам кийинчереек мени багып алган атамдын дагы, апамдын дагы жогорку билимдеринин жок экенинин билип алат. Ал багып алуу документтерине кол коюдан баш тартат. Бир канча айдан сон, менин ата-энем жогорку билимдуу кылабыз деп убада бергенден кийин гана, жумшарып, документтерге кол коюп берет.

17 жылдан кийин колледжге бардым. Мен тушунбой, Стэнфордко окшогон кымбат колледжди тандап, жумушчу класс ата-энемдин чогулткандарынын баары окуу акысына кете баштады. 6 айдан кийин окуумдан баалуулукту коро албадым. Келечек тагдырымдын эмне болоорун жана мени окутуп аткан колледж аны аныктоого мага кантип жардам берээрин такыр тушунбодум. Ата-энемдин омур бою чогулткан акчасын текке чачкым келбеди. Ошентип, бул туура болот деген ишеним менен окууну таштоо жонундо чечим кабыл алдым. Убагында бир топ коркунучтуу эле, бирок азыр артка карасам ал менин омурумдогу кабыл алган ен туура чечимим экен. Окууну таштаган муноттон баштап милдетуу сабактарга барбай, кызык корунгон сабактарды алып баштадым.

Баары эле ойдогудай болгон жок. Жатаканам жок досторумдун болмолорундо полго жатып уктап, тамак сатып алыш учун соса-соланын ботолколорун 5 центтен откоруп, жумасына бир жолу жакшы тамак ичиш учун 7 миль аралыктагы Харе Кришна храмына барар элем. Ушул жашоом мага аябай жакчу. Ошондогу бир нерсеге кызыгып жана оз интуициямды гана ээрчип, чалынгандарымдын копчулугу кийин баа жеткис болду. Мен силерге бир улгу келтирейин:

Reed Колледжи ал убакта мамлекетте, менимче, ен мыкты калиграфия сабагын сунуш кылчу. Кампустун(студенттик шаарча) ичиндеги ар бир жарыя, ар бир белги укмуштуудай кол менен калиграфияланар эле. Окууну таштап, милдетуу класстарым болбогондон кийин калиграфия сабагын алып аны терен уйронууну чечтим. Илинчектуу шрифттерди, тамгалардын комбинациясын жана кантип кучтуу типография жасоону уйрондум.

Келечекте булардын бирин дагы практикада пайдаланам деп ойлогон эмесмин. Бирок 10 жылдан кийин, биз биринчи Макинтош компьютеринин дизайнын жасап атканда алардын баары мага кайтып келди. Ошондогу уйронгондорум Макинтоштон орун алды. Ал биринчи татыныкай типографиялуу компьютер болду. Эгер мен ошол калиграфия сабагын албаганда Макинтоштун шрифттери бугункудой жонокой, бирок идеалдуу болбойт эле. Мумкун персоналдуу компьютерлер дагы ажайып шрифттерге ээ болмок эмес, себеби бугун бут бардык компьютерлерде Макинтоштун шрифттери турат. Албетте колледжде окуган убагымда келечеке карап кичине нерселерди байланыштыруу мумкун эмес эле. Бирок, кийин, откон 10 жылга коз жугуртуу аябай эле так болду.

Дагы бир жолу, силер кичине нерселерди келечеке карап байланыштыра албайсыныр, аларды убакыт откондон кийин гана байланыштырсанар болот. Ар бир кичинекей нерсе, силердин келечегинерде, кандайдыр бир жол менен байланышарына ишенгиле. Силерде ишенич болушу зарыл – озунордун кучунорго, турмуштагы ордунарга, келечегинерге, ыйык нерселерге, же болбосо эмнеге кааласанар ошого. Бул жол мени кыйынчылыктарда чогорбой, бардык нерселерди менин турмушумда башкача жасоого уйротту.

Менин экинчи окуям суйуу жана жоготуу жонундо.

Ал кезде мен бактылуу элем – себеби турмушумда эрте эле издеген нерсемди таптым. 20 жашымда ата-энемдин гаражында Apple ди баштадым. Биз куну туну иштедик. 10 жылдын ичинде, 2 кишиден турган, гараждын ичиндеги ишкана, 2 миллиардуу, 4000 кызматчысы бар компанияга айланды. 30 жашка чыгарыма 1 жыл калганда укмуштуудай ачылышты-Макинтошту ондурушко киргиздик. Андан кийин эле мен жумушуман бошодум. Озун тузгон компания кантип эле сени иштен бошотсун? Apple тез онугуп атканына байланыштуу биз бир адамды кызматка алган элек. Менин оюмча ал адам аябай таланттуу корунду. Биринчи жылдары ишибиз жакшы кетти. Бирок кийинчерээк келечекке коз карашыбыз ажыраша баштады, аягы чатак менен бутту. Биздин Директорлор Кенешибиз аны колдоду. Ошентип озум тузгон компаниядан, 30 га еми чыкканда, чатак менен иштен кеттим. Буткул турмушумду эмнеге арнасам ошону жоготтум, ичим антарылып калды.

Бир канча ай эмне кыларымды билбедим. Мен сынактан ото албай, жаны генерациядагы ишкерлердин баарына залалым тийгендей болду. Девид Паккард (David Packard) жана Боб Нойс (Bob Noice) менен жолугуп кечирим сурадым, керек болсо шаардан кетейин деп дагы ойлодум. Бирок эмнегедир аз аздан умуттун шамы кайра келе баштады, себеби жасаган ишимди али да болсо жакшы корчумун. Мен кеткенден кийинки Apple деги бурулуш окуялар аны кымындай да озгорто алган жок. Мен иштен айдалдым бирок компаниямды баары бир жакшы корчумун. Ошентип баарын кайрадан баштоону чечтим.

Убагында байкаган жок элем, бирок кийин, иштен айдалганым, менин учун чон сабак болгонун сездим. Коп нерсеге башкача карап, мурдагы, мени дайыма коштоочу ийгилик эми жаны нерсени баштоочу болуу сезими менен орун алмашты. Турмушумдун ен бир чыгармачыл болугуно кирууго озумо жол ачтым.

Кийинки 5 жылдын ичинде NeXT жана Pixar деген эки компанияны баштадым, турмуштагы жарымды таптым. Pixar азыр, анимациялык фильмдерди тарткан, дуйнодогу ен мыкты студия деп эсептелет. Дагы бир кызык нерсе, Apple NeXTти сатып алды, мен Apple ге кайтып келдим жана биз NeXT те иштеп чыккан технология азыркы Apple дин кайра жаралуусунун журогу болуп эсептелет. Жубайым экообуздун жакшынакай уй-булобуз бар.

Эгер мен Apple ден иштен кетпегенде, козум жетет, жогоруда айтылгандардын бири да болмок эмес. Дары ичуу бул жагымсыз бирок ооруу адамга ал зарыл. Кээ бирде турмуш сени кирпич менен башка коёт. Ишеничти жоготпогула. Мен бир нерсеге так ынындым, мени алдыга сурогон нерсе ал менин оз ишиме болгон суйуум. Силер дагы озунор суйгон нерсени табуу керек. Жасаган ишинер турмушунардын негизги болугун тузот, ошондуктан бир гана жол, силер ишинердин улуулугуна ишенип, ал силерди толугу менен канаатандырышы зарыл. Улуу иш жасоонун бир гана жолу, ал, оз ишинди чексиз суйуу. Эгер силер аны али таба элек болсонор, анда изденууну уланткыла. Токтобогула. Аны тапканда созсуз журогунор менен сезесинер. Ошондуктан, тапкыча изденууну уланта бергиле. Токтобогула.

Менини учунчу окуям олум жонундо.

17 жашымда мындай бир цитатаны окудум эле: «ар бир кунду жашоондун акыркы кунундой жашоо керек». Ал мага терен из калтырды. Ошондон баштап, кийинки 33 жыл, кунуно эртен менен кузгуго карап, озумдон сурайм: «эгер бугун жашоомдун акыркы куну болсо, бугун дагы ошол эле ишимди жасайт белем?» Эгерде бир топ кун озумо «Жок» деп жооп берсем, анда билем, бир нерсени озгортушум керек.

Олумдун айтпастан келерин эске бекем тутуп журуу, турмушта, мага улуу чечимдерди кабыл алууга жардам берчу, ен маанилуу курал болуп эсептелет. Анткени бардык нерселер – умут, сыймык, кыйынчылык жана жоготуу булардын баары олумдун алдында суу кечпеген нерселер, жарык дуйно менен коштошуу чынында эле ото маанилуу. Аркы дуйного эч кандай байлык жана дунуйо алып кетууго мумкун эмес. Журогундогу бийик сезимдер кана калат.

Болжолу 1 жыл мурда мага рак деген диагноз коюлду. Ичегимде шишик бар экенин сканер коргозду. Дарыгерлер, анын рактын айыкпас туру экенин жана менин 3-6 айлык кана омурум калганын айтышты. Бул, балдарына кийинки 10 жылда айтам деген бардык ойлорунду, кийинки бир канча айда айтууга аракет жасайсын дегенди тушундурот. Бул. уй-булондун келечегине тиешеси бар бардык иштердин аягына чыгышына козун жетиши керек дегенди тушундурот. Бул, сенин акыркы созунду айтуу дегенди тушундурот.

Ал диагноз менен мен бир кун жашадым. Ошол куну кечинде дарыгерлер дагы теренирээк изилдеш учун шишиктен бир канча клеткаларды алышты. Озумду токтоо кармадым. Жубайымдын айтканына караганда, клеткаларды микроскопко салып текшерген дарыгерлер ыйлаганга дейре барышыптыр, себеби менин диагнозум рактын операция менен дарыланчу, сейрек кездешчу туру болуп чыкты. Операция жасаттым, азыр баары жакшы.

Бул менин олумго ен жакын келген учурум болду. Мурда олумду теория жузундо кана билсем, эми азыр башымдан откоруп, силерге ишенимдуу айта алам:

Эч ким олгусу келбейт. Бейишке чыккысы келген адам дагы ал жака барыш учун олумго барбайт. Олум бардыгыбыздын барчу жерибиз болгондон кийин, андан эч ким качып дагы кутула албайт. Жашоонун ен мыкты жараткан нерсеси бул олум. Жашоонун аягы жана башаты. Эскини тазалап жаныга жол ачат. Азыр , жаны бул силерсинер бирок, бир куну, силер дагы эски болуп, жаныга жол бошотосунар. Мындай оор нерсени айтканыма кечирим сурайм, бирок бул чындык.

Силердин омурунор чектелген, башка адамдын турмушун жашап аны текке кетирбегиле. Оз жолунарды издегиле. Оз позициянарды бекем кармагыла. Эн башкысы, журогунор менен интуициянарга таяна билгиле. Алар силердин ким болгунар келеринерди жакшы билишет. Калгандары экинчи иретте.

Жаш кезимде, менин курдаштарым ен жакшы коргон « Жер Жузунун Каталогу» деген журнал бар эле. Аны Стюарт Брэнд (Stewart Brant) атуу адам, кокурогундогу асыл ойлору менен ачкан. Бул иш 1960 - жылдардын аягында болгон. Ал мезгилде компьютер деген жок эле, ошондуктан ал журналды кайчы, полароид камерасы жана тамга басуучу машинкалар менен гана жасалчу. Азыр ал журналды Google дун кагаз жузундогусу деп элестетсенер болот, бирок бул иш, Google тузулгонго чейин 35 жыл мурда болгон жана ал жаштардын билимине жана осуп онугушуно чон таасир берген.

Мен 1970 жылдардын ортосунда ал журналдын акыркы санын окуп калдым. Ал кезекте мен силердин курагынарда элем. Журналдын акыркы бетинде, силер жолго чыкканда коруп жургон танкы жолдун суроту басылган. Суроттун алдында мындай деген создор жазылган: «Ынтызар бол. Шок бол.» Бул алардын, жаштарга айткан, акыркы каалоосу эле. Ынтызар бол. Шок бол. Мен аларды дайыма озумо дагы айтып журдум. Эми, силер окуунарды бутуп, жаны турмуш баштаарынардын алдында силерге дагы ошол создорду айтам.

Ынтызар болгула. Шок болгула.

Баарынарга чон рахмат.

Комментариев нет: