20.8.08

Алиби гезитинин тагдыры... же Атам менен баарлашуу.

Кечээ атам менен суйлоштум. Конулу чогунку... Оор басырыктуу, кенебес, оптимист адамдын кейип турганы дароо эле телефонду алары менен сезилди. Мамлекетибиздеги, бийликтикинен башка коз карашты, коомубузга жеткирип аткан 2 газетанын (Дефакто жана Алиби) тен жабылып атканын айтып бир аз кейип алды. Алиби газетасы озунун баласындай эле болуп калганын кантип сезбей коёоюун. Азыркы, созго тушунбогон, колунан иш келбеген бийлик менен аягына чейин соттошуудан, газетаны жабууга чейинки бардык жолдорун талкууладык. Бийлике тынчтык бербей аткан, Алиби газетасын сактап калууга аягына чейин аракет кылалы деп чечтик. Ата менен баланын бир баалуулукту, коз карашты тен болушкону кандай жакшы. Кийинки кездерде, мен кейигенде, атам мага "аталык созун" айтып, конулумду которот. Анын колдоосун алып ыраазы болом. Бул жолкуда мен анын конулун которуп, томонку создорду айттым: "Бул кундор дагы отот...Кийин артыбызга кылчайып карап, азыркы жасаган иштерибиз учун уялбагандай болушубуз керек."

Комментариев нет: